Спираль салдыргандан кийин кайра текшерилсем жок экен. Ошондой да болобу?
Саламатсызбы. Беш ай мурун спираль салдыргам. Выделение келе бергенинен улам текшерилейин деп баргам. Гинеколог спираль көрүнбөйт деп айтты. Өйдөнү көздөй жылып кеткен болобу ошондо? Эми эмне кылышым керек? Аны кантип табат? Кантип чыгарат? Операция жасайбы?
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Саламатчылык! Сиз УЗИге түштүңүзбү? Спираль салдыргандан кийин 10 күндөн кийин кайра барып көрүндүңүз беле?
Спираль терең кетип калышы мүмкүн бул салып жатканда эле белгилүү болот. Аны жатындын перфорациясы деп аташат.
Биринчиден кичи жамбаш чарасын (малый таз) УЗИге түшүрүү керек. Андан кийин сарысанаа болуш керекпи же зарылчылыгы жокпу белгилүү болот.
Спираль салдыргандан кийин 10 күндүн ичинде кан аралаш суюктук бөлүнүшү мүмкүн (спираль калыпка турганча).
Ал аралыкта доктур жыныстык катнашка барууга, оор көтөрүүгө тыюу салат. 10 күндөн кийин кайра келип текшерилүү керек, балким спиралдын мурутчаларын кыркуу зарыл болуп калат.
Эгер салдыргандан кийин аябай көп кан келип, уюп түшсө, спираль түшүп калышы мүмкүн. Аял аны байкабай калат. Кандай болгон күндө да алгач УЗИге түшүү керек.