// //

Тайкемдин баласы жер талашып жатат. Юрист жооп берет

2019.07.03, 09:47
1288

Саламатсызбы! Учурда туугандар жер талашып жаткан чагыбыз. Менин таенем, таятам, апам, ортончу жана кичүү тайкем каза болуп калышкан. Ортончу тайкемдин балдары жок эле. Менин бир карындашым бар. Жакында кайтыш болгон кичүү тайкемдин баласы келип, "атам үйдүн кичүүсү болчу, анын баласы мен, андыктан, чоң атам менен чоң энемдин жерин өзүмө өткөзөм", - деп жатат. Бул кылганы туурабы? Туугандар чогуу бөлүшүп алсак болобу? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.07.2019, 10:04

Нурислам Раимжанов

Юрист

Саламатсызбы! Тилекке каршы, жердин документтерин көрбөй туруп, толук жооп бере албайм. Мүлк үйдүн кичүүсүнө же чоңуна калат деген нерсе жок. Болгону мураскорлордун тартиби бекитилген: биринчи кезектеги, экинчи кезектеги дегендей. 

Көзү өтүп кеткен адамдардын мүлкү калгандан кийин балдары мураскор катары, мурасты өзүнө каттатып алуу үчүн нотариуска кайрылышы керек. Кыскасы, тактай турчу жагдайлар көп экен. Редакциядан менин номеримди алып, мага байланышка чыксаңыз, кеңеш бере алам.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт