// //

Бюджетте окуган студент мектепке канча жыл иштеп берет?

2019.07.03, 09:31
1908

Саламатсызбы! Бюджеттик негизде окуган студенттер мектепте канча жыл иштеп бериш керек? Ушул маселе боюнча токтомду кайдан тапсак болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.07.2019, 09:32

Марина Гречаная

КР Билим берүү министрлигинин пресс-катчысы

Саламатсызбы! Кыргыз Республикасынын жарандары орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарга окууга кирип жана бюджеттик каражаттын эсебинен  педагогикалык адистиктер боюнча орто жана жогорку кесиптик билим алгандан кийин - КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин бөлүштүрүүсү боюнча үч жыл иштеп берүүгө жиберилет. Бул боюнча токтомду төмөнкү шилтемеден тапсаңыз болот. 

0
Пайдалуу жооп
К
Кутманбек Арзыев
03.07.2019, 10:15

Саламатсызбы?! Мен педагогикалык багыттагы кесипти бюджеттик негизде окуп бүтүрдүм. Эми келишим боюнча 3жыл милдеттүү түрдө иштеп беришим керек. Үй - бүлөлук шартка байланыштуу иштеп берүү мөөнөтүн 1 же 2 жылга кечиктирсе болобу? Же окуу акысын болуп төлөп диплом алсам болобу? Мыйзам боюнча кандай болуп калат? Алдын ала рахмат! 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт