Паспорт алайын десем базада жок экенмин. Эмне кылышым керек?
Саламатсызбы! Мен Кыргызстандын жаранымын, бирок көп жылдан бери Россияда иштейм. Бул жака келип документтеримдин бардыгын уурдатып жибердим. Паспорт алайын деп Аксы районуна кайрылсам, базада жок экенсиң деп бербей коюшту. Колумда балдарымдын күбөлүгүнөн башка эч кандай документ жок. Алар россияда төрөлүшкөн. Күбөлүгүндө “мать гражданка Киргизии” деп жазылган. Суранам, жардам бериңизчи, эмне кылышым керек?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Саламатчылык! Базадан атыңыз чыкпаганы Кыргызстанда каттооңуз жок болгондугуна байланыштуу.
Сиз азыр турган үйдүн техпаспортун алып, үйдүн кожоюнунан анын үйүндө катталууга макулдугун алып, нотариустан ишендирип аласыз.
Эгер үйдүн ээси макул болбосо, жашаган райондун айыл өкмөтүнө келип, арыз жазасыз. Мыйзам боюнча алар сизди өзүнүн дарегине каттап беришет. Каттоодон өткөндөн кийин паспорт столуна барып тиешелүү документтерди тапшырасыз.
Жаныңызда эски паспортуңуздун көчүрмөсү же төрөлгөндүгүңуз тууралуу (же нике) күбөлүк болсун. Мамлекетке төлөнүүчү салык 460 сом.
Ийгилик!