Кайын атам баламды бербей жатат. Алып качсам жоопко тартыламынбы?
Саламатсызбы. Күйөөм экөөбүздүн ортобузда бир бала бар. Уулум 9га чыккан. Экөөбуз аябай жакынбыз. Бир жарым жылдан бери кайын атамдын үйүндө. Күйөм такыр алып келбей койду. Мени менен жолугуштурбай жатышат. Жакында уруша кеттик. Азыр өзүнчө турам. Менин ата-энем, үйүм жок. Бирок иштейм. Баламды менден тартып алабы деп корком. Кайын журтум күчтүрөөк. Эгер баламды алып качсам, жоопко тартыламынбы?
Ширин Алмазова
Адвокат
Саламатчылык! Учурда иш жүзүндөгү мыйзамга ылайык, бала өз ата-энеси менен жашаш керек. Балаңызды алып кеткенге толук укугуңуз бар, жана ал үчүн сизди эч ким жоопко тартпайт, себеби сиз анын энеси болосуз.
Болбосо сотко, баламды тартып алышты деген доо-арыз менен кайрылып, кайра кайтарып алсаңыз болот. Сот биринчи кезекте баланын кызыкчылыгын коргойт. Көпчүлүк учурда эненин пайдасына чечип берет.
КР Үй-бүлө кодексинин 70-беренесине ылайык, ата-энеси ар башка жашаган учурда баланын жашай турган жери эки тараптын макулдашуусу менен чечилет.
Эгер бир пикирге келише албаса, анда сот баланын кызыкчылыгын жана анын пикирин эске алуу менен талашты чечет. Сот баланын ата-энеге, бир туугандарына болгон жакындыгын, анын жаш курагын, ата-энесинин жеке сапаттарын, ата-эненин баланын жашоосу үчүн шарт түзүп берүү мүмкүнчүлүгүн эске алат (кандай жумушта, кандай график менен иштейт, материалдык жана үй-бүлөлүк абалы ж.б.).
Мен сизге ийгилик каалайм!