// //

Боюнда бар аял семичке чакса болобу? Гинеколог жооп берет

2019.07.01, 14:41
7523

Саламатсызбы. Сурайын дегеним, боюнда бар аял семичке чакса болобу? Анын ден соолукка эч кандай зыяны жокбу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.07.2019, 14:44

Айнура Азарова

Гинеколог

Саламатчылык. Урматтуу айым, кош бойлуу кезде семичке чага берсе болот анын ден соолукка эч кандай зыяны деле жок.

  • Семичке витаминдерге жана микроэлементтерге бай келген азык;
  • Семичкенин башкы кемчилиги, ашыкча майлуулугу жана калориясынын көп болгону. Бул негизсиз салмак кошууга алып келет. Төрөттөн кийин кайра калыбыңызга келишиңиз кыйынга туруп калат.
  • Семичке өтө майлуу болгондуктан адамдын ичин катырат.
  • Аябай чаккыңыз келип турса, күнүнө 100 граммдан ашык эмес семичке чаксаңыз болот. Бирок тишиңиз менен чакпаңыз. Ансыз деле алсырап турган тиштин эмалдарын сактаңыз.

Аман-эсен көз жарып алыңыз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт