Боюнда бар аял семичке чакса болобу? Гинеколог жооп берет
2019.07.01, 14:41
8222
Саламатсызбы. Сурайын дегеним, боюнда бар аял семичке чакса болобу? Анын ден соолукка эч кандай зыяны жокбу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.07.2019, 14:44
Айнура Азарова
Гинеколог
Саламатчылык. Урматтуу айым, кош бойлуу кезде семичке чага берсе болот анын ден соолукка эч кандай зыяны деле жок.
- Семичке витаминдерге жана микроэлементтерге бай келген азык;
- Семичкенин башкы кемчилиги, ашыкча майлуулугу жана калориясынын көп болгону. Бул негизсиз салмак кошууга алып келет. Төрөттөн кийин кайра калыбыңызга келишиңиз кыйынга туруп калат.
- Семичке өтө майлуу болгондуктан адамдын ичин катырат.
- Аябай чаккыңыз келип турса, күнүнө 100 граммдан ашык эмес семичке чаксаңыз болот. Бирок тишиңиз менен чакпаңыз. Ансыз деле алсырап турган тиштин эмалдарын сактаңыз.
Аман-эсен көз жарып алыңыз!
0
Пайдалуу жооп