Фамилиямды алмаштырыш үчүн сөзсүз атамдын уруксаты керекпи?
2019.07.01, 13:52
1168
Мен 17 жаштамын, фамилиямды алмайштырайын десем, атамдын паспорту керек экен. Атам болсо бербейм дейт. Мен 18 жашка чыкканга чейин алмаштырайын дегем. Эмне кылышым керек? Эки айдан кийин туулган күнүм.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.07.2019, 13:53
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Саламатсызбы урматтуу окурман. Тилекке каршы, биздин мыйзамга ылайык, жашы жете электер фамилиясын алмаштыруу үчүн атасынын макулдугу сөзхсүз керек. Атаңыз менен сүйлөшүп көндүргөнгө аракет кылыңыз. Болбосо эки ай күтүп, кийин анын макулдугун албай туруп деле которуп аласыз. Андан башка жолу жок.
0
Пайдалуу жооп