Кошунам короосуна устакана ачып алды, ага арыздансам болобу? Адвокат жооп берет
2019.07.01, 09:52
1432
Саламатсызбы. Биз жер үйдө жашайбыз, 5 айлык балам бар. Кошунабыз темир уста. Короосуна устакана ачып алган. Керээли кечке таңкылдатып иштейт. Көрө албасытк эмес, бирок тажайт экенсиң. Балам да күндүз жакшы уктай албай, чочуп ойгонот. Негизи бизде короого усткана ачканга уруксат берилеби? Бул маселе боюнча кимге кайрылсак болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.07.2019, 09:53
Ширин Алмазова
Адвокат
Саламатчылык. Колуңуздан келишинче бул маселени сүйлөшүү жолу менен чечишип, макулдашып алган оң.
Болбосо, салык кызматына, мамлекеттик экологиялык техинспекцияга жана башка көзөмөлдөөчү органдарга кайрылып, бул ишкана каттоодон өтүп-өтпөгөнүн жана бюджетке, соцфондко салыктардын төлөнүп же төлөнбөй жатканын текшертсеңиз болот.
0
Пайдалуу жооп