Эмчектеш туугандар баш кошсо болобу?
2019.06.29, 12:01
1975
Саламатсыздарбы! Менде бир суроо бар эле. Эмчектеш тууганыңа үйлөнсө болобу? Динибиз буга эмне дейт?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.06.2019, 12:02
Равшан ажы Эратов
КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы
Эркек менен аялдын ортосунда нике кыюуга тыюу салынган бир нече негиздер бар. Алардын бири эмчектеш тууганчылык.
Шариятыбыз эки жарым жашка чейин эмизген эмчектеш энесине, эмчек энесинин кыздарына жана эже- сиңдилерине, эмчектеш бир тууганына үйлөнүүгө тыюу салат.
Эмчектеш тууганчылык - кандаш тууганчылыкка теңдештирилет.
0
Пайдалуу жооп