Архитектор-дизайнер эмне иш аткарат, жана айына канча сом табат?
Саламатсызбы. Мен келечекте архитектор дизайнер болсомбу дегем. Бирок бул кесип менен акча таап, өз жанымды бага аламбы?
Жибек Конокбаева
Архитектор-дизайнер
Саламатчылык. Архитектор-дизайнер абдан кызыктуу кесип. Учурда бардык жерде курулуш иштери жүрүп жатат. Биздин милдет сырткы курулуш иштери бүткөндөн кийин имараттын ичин жасалгалоо. Мисалы: соода жана бизнес борборлор, кеңселер, кафе-ресторандар же кадимки үйлөр менен батирлер.
Мыкты табит менен жасалган, кооз жана ыңгайлуу үйдө жашагысы келген адамдардын саны жыл санап көбөйүп келет. Демек, биздин кызматка муктаж болгондор бар.
Архитектор дизайнер болуу үчүн сүрөттү мыкты тартыш керек. Карандаш, акварель менен иштеп, колду көндүрүү зарыл. Математикалык эсептөөлөр көп болгондуктан бул сабактын пайдасы жакшы тиет. Кыргыз, орус, чет тилдерди билгениң эч качан ашыктык кылбайт, тескерисинче атаандаштарыңдын арасында артыкчылык берет.
Албетте, бул кесипти аркалап акча таап, үй-бүлөнү бакса болот. Жаңыдан иштеп баштагандар 300$ айлыкка иштешет. Ал эми Бишкектеги эмгек акысы эң жогору бааланган архитектор-дизайнерлер айына 3000-5000$ табышат.
Ийгилик!