// //

Бойдон түшүп калгандан кийин канча убакытта кайра бойго бүтүп калышы мүмкүн?

2019.06.28, 16:23
2023

3-майда боюман түшүп калган. 17-майда көрүнгөндө бардыгы таза деп айтышкан. Андан бери айызым келе элек. Кайра боюма бүтүп калышы мүмкүнбү?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.06.2019, 16:26

Раушан Джумагулова

Акушер-гинеколог

Бойдон түшүп калгандан кийин, этек кири бир айдан кийин келет (бойдон түшкөн күн этек киринин биринчи күнү катары эсептелет, кийинки айдын ошол күнүндө кайра айыз келиши керек). Эгер бойдон түшкөндөн кийин ооруканадан да тазалашса, демек ошол күндү этек кирдин биринчи күнү катары эсептейсиз.

Теориялык жактан алып караганда, бойдон түшкөндөн кийин 10 күндүн ичинде кайра бойго бүтүп калышы мүмкүн. Бирок биз, дарыгерлер, жок дегенде бир айга чейин сактанууну сунуштайбыз. Ал ортодо ИПП, гормондорго анын ичинде калкан безинин гормондоруна анализ тапшыруу зарыл. Нормага ылайык болбосо тиешелүу дарыларды ичип, дарылануу кажет.

Ден соолукта болуңуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт