Демодекоз кыйнады, хиджама кылса кетеби? Косметолог жооп берет
Демодекоз кыйндаы. Терим майлуу деп жжусам кургап кетет. Үй шартында кандай каражат колдонсом болот? Косметологго барганга шартым жок. Хиджама кылса кетет дейт. Ошол чынбы?
Аида Аскеева
Косметолог-дерматолог
Демодекоз бул тери оорусу, анын себепкери демодекс деген кене. Мындай кенелер ар бир адамда болот. Анын негизги функциясы клеткаларыбыз улам жаңыланып турганда эскилеринин калдыктарын жеп, терибиздин гигиенасын сактап туруу. Бирок иммунитет төмөндөгөндө демодекс кенелери көбөйүп кетет.
Үй шартында өз алдынча дарылануу мүмкүн эмес. Бул оорудан кутулуу үчүн дерматологго көрүнүп, узак убакыт дарылануу керек.
Териңиздин өзгөчөлүгүнө жараша кам көрүңүз. Ошондой эле иммунитетти көтөрүүчү витаминдерди ичиңиз.
Хиджама убактылуу эффект берет, бирок оорунун себебин жоготпойт.