// //

Күйөөм балалуу болгуча сүйбөй турганын айтты. Жаш келиндин баяны

2019.06.28, 13:08
3446

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул жаш келиндин катында үй-бүлөсүндөгү кыйынчылыктар жөнүндө баяндалат.  

Бир сөзү менен жүрөгүмдү муздатты

Күйөөгө тийгениме 9 ай болду. Жолдошум менен туугандар аркылуу таанышканбыз. Аны бир көргөндө эле жактыргам. Ата - энелерибиз сүйлөшүп, жолугушуп жатып, акыры баш коштук. Мени сүйөт го деп ойлогом...

Турмуш кургандан кийин мамилеси салкын эле. Кыязы, көнүшпөй жатабызго, деп өзүмдү жубатып жүрдүм.

Күйөөм үйдүн жалгыз, эрке баласы. Шаарга бөлүнүп келдик. Мамилеси өзгөрбөдү.

Көрсө, мага чейин бир кыз менен 5 жыл сүйлөшүп, бир үй-бүлөдөй жашап жүрүптүр. Анысына үйлөнмөкчү болуп, кийин экөөбүз таанышып калып, пландары бузулуп кетиптир. Мунун баарын кийин билдим. Дагы өзүмдү сооротуп, булардын баары мага чейин болгон дедим.

Үйдө тамактанып олтурганбыз. Күйөөм капыстан:

- Мени сүйөсүңбү?- деп сурады.

- Сенчи?- дедим

- Жаным, мен сени жакшы көрөм, балалуу болгондо сүйөм.

Башымдан ылдый муздак сууну куюп жибергендей болду. Ошол күндөн тарта, “мен бул жерде ким жана эмне үчүн жашап келем?" - деген суроо жанымды кыйнайт. Бул суроону канча ирет өзүмө бердим. Дале жооп таба элекмин. Суранам, мага кеңеш бергилечи.

Адис эмне дейт

Психолог Асель Баимбетованын айтымында убагында кыз-жигит болуп сүйлөшпөгөн адамдар, баш кошкондон кийин жакындан тааныша баштайт:

- Сиз да, күйөөңүз да бири-бириңерди жакшы билчү эмессиңер, эми гана таанып жатасыңар. Бул сүйүү дароо пайда болот дегенди билдирбейт. Үй-бүлө сүйүү менен гана кармалып турбайт, жактыруу сезими, ортодогу бала, жалпы туугандар, бизнес же белгилүү бир статус да маанилүү роль ойнойт. Балким, күлгүн көз айнекти чечип, реалдуулукка көз чаптыруу керек?

Силерде баары эми башталууда. Күйөөңүз, өзүңүз, мамилелериңиз жөнүндө жаңы нерселерди билип жатасыз. Күмөн санап жатканыңыз нормалдуу көрүнүш.

Жолдошуңуз сиз менен чынчыл болуп, болгонун болгондой ачык айтыптыр. Мунун жакшы жагы да бар. Айткан сөздөрүнөн кыр издеп, мени сүйбөйт, башка кыздары бар деп күмөн санап, коркуп жатканыңыз түшүнүксүз.

Ооба, силерди тааныштырды, үй-бүлө курдуңар. Эми, үй-бүлөңөрдө жалпы кызыкчылыктар, максаттар, баалуулуктар пайда болушу үчүн экөөң тең аракет кылышыңар керек.

Аял менен күйөөнүн ортосундагы мамиле өзүнөн-өзү бекемделбейт. Анын үстүндө көпкө чейин иштөө зарыл: кээ бир жерде сабырдуу, кээ бир жерде өзүң жөнүндө айтып берүү, кээ бир жерде ыкташуу дегендей. 

Психолог дароо ажырашуу тууралуу ойлонуунун кажети жок экенин кошумчалап, жубайларга психологго кайрылып кеңеш алууну сунуштай кетти.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт