// //

Жайды Beeline менен тос! Ысык-Көлгө жөнөп жаткандар үчүн жагымдуу жаңылык

2019.06.28, 11:25
1187

Көлгө эс алууга барганда дос-туугандар менен байланыша албай калам деп кабатырлангандар үчүн жагымдуу жаңылык бар! Beeline Ысык-Көлдөгү станциялардын кубаттуулугун арттырып, кошумча станцияларды орнотту. Эми көлдүн түштүк жээгинде эс аласызбы же түндүгүндөбү, жакындар менен байланышуу жөпжөнөкөй болуп калды.Ысык-Көлдүн аймагына жалпысынан 33 4G жана 41 3G интернет станциясы орнотулду. Тагыраагы, Ысык-Көлдөгү калк отурукташкан аймактардын баары жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз болду. 

Мындан тышкары, Beeline көлгө эс алууга келген чет элдик туристтердин суроо-талабына жооп берген "Жайкы" тарифин сунуштайт.  Бул тариф Кыргыз Республикасынын жарандарына сатылбайт.

Туристер "Жайкы" тарифи менен SIM-карталарды аэропорттон, Ысык-Көлгө бараткан трассадагы сатуу түйүндөрүнөн, пансионаттардан, конок үйлөрүнөн, Казакстан менен чектешкен аймактан жана туроператорлордон сатып алса болот.

Бул тариф Кыргызстанда жүргөн абоненттин чет өлкөгө болгон чалууларынын чектелбешин камсыздайт. Тагыраагы, абонентке 200 мүнөт Орусия, Казакстанга акысыз чалуу (Beeline тарифинин абоненттерине), социалдык тармактарга 200 ГБ интернет жана 10 ГБ кошумча берилет. Туристтер үчүн акысыз чалуулар жана интернет топтому 10 күнгө берилип, баасы 200 сомду түзөт.

Туристтер үчүн күтүүсүз белектер муну менен чектелбейт. SIM-картаны активдештиргенде абонентке тамактануучу жайлардагы, пансионаттардагы, дүкөндөрдөгү жана башка көңүл ачуучу жайлардагы арзандатуулар тууралуу маалыматты камтыган СМС билдирүү келет. Бул мүмкүнчүлүк атайын "Жайкы" тарифинин ээлери - чет элдик меймандар үчүн иштелип чыккан.

Эс алуудагы эсте калган учурлар менен бөлүшүү жана дайыма байланышта болуу - Beeline менен жөпжөнөкөй. Жай мезгилинин cоңуна чейин байланышта болуңуз!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт