Электрондук капчык - бул эмне жана кайсы бири жакшы?
Электрондук капчык – бул электрондук акчаны сактоочу компьютердик программа. Мындай караганда кадимки эле банктарда ачылган эсепке окшош. Мисалы, ал эсепке акча саласыз, бирөөгө которосуз дегендей.
Электрондук капчык менен деле ушул кызматтарды аткарсаңыз болот. Болгону акчаңыз банктык эсебиңизде эмес, сиздин телефон номериңизде сакталып турат.
Электрондук капчыктар аркылуу акчаны сактап гана эмес, үйдөн чыкпай эле коммуналдык кызматтарга, интернетке акы төлөп, бирдик жүктөп, башкалардын эсебине акча которуп, кайсы бир товарлар же кызматтар үчүн төлөм жүргүзүп, жадакалса киного билет сатып алаласыз.
Насыяңыз бар болсо, капчык аркылуу жаап, бирөө бул эсебиңизге банктан акча которсо, банкка барып аны накталай акчага айлантып алсаңыз да болот.
Кыскасы, электрондук капчык убактыңызды үнөмдөп, ишиңизди жеңилдетет.
Электрондук капчыкты кантип жүктөсө болот?
Жогоруда белгиленгендей, электрондук капчык ачуу абдан жөнөкөй. Керектүү төлөм системасын тандап алып, каттоодон өтүү керек. Мисалы, MegaPay электрондук капчыктын жардамы менен каалаган жерде, каалаган убакта 200дөн ашуун ар түрдүү кызматтар үчүн акча төлөй аласыз.
Коммуналдык кызматтар үчүн акы төлөйсүзбү, акча каражаттарын которосузбу же балансыңызды толуктайсызбы – мунун бардыгын саналуу секунд ичинде аткарасыз. Болгону AppStore жана Google PlayMarket’тен MegaPay тиркемесин орнотуп алуу жетиштүү.
MegaPay электрондук капчыгынын артыкчылыктары:
✔ Жөнөкөй
Онлайн-сервистин интерфейси баарына түшүнүктүү.
✔ Ишенимдүү
MegaPay тиркемеси жеке код жана touch-id функциясы менен корголгон, сиздин уруксатсыз бирөө кире албайт. Бардык төлөмдөр банк тарабынан кепилденет.
✔ Үнөмдүү
MegaPay аркылуу төлөм жүргүзүүдө абоненттен комиссия алынбайт. Бардык төлөмдөр акысыз ишке ашырылат.
MegaPay электрондук капчыгынын жардамы менен каражаттарыңызды көзөмөлдөп, бардык төлөмдөр кайсы убакта жүргүзүлгөндүгү жана которуулар тууралуу маалымат алууга болот.
✔ Ыңгайлуу
Тиркемеге кирүү үчүн: логин – 055Ахххххх форматындагы телефон номуру, кошууда жана каттоодон өтүүдө SMS аркылуу кабыл алынган 4 орундуу сандан турган жашыруун сөз гана талап кылынат.
✔ Ылдам
Электрондук капчык аркылуу акы төлөө төлөм жүргүзүүнүн башка түрлөрүнө караганда ылдам ишке ашат: эми кезек күтүүнүн жана терминалдарды издөөнүн зарылчылыгы жок.
MegaPay менен оңой төлө!