// //

Биздин бала бирөө чүчкүрсө же жөтөлсө чочуп ыйлай берет. Психолог кеңеш берет

2019.06.27, 11:54
2906

Балам 9 ай болуп калды. Төрөлгөндө бир нерседен чочуп калганбы, айтор, өзүбүз чүчкүрүп же жөтөлсөк деле чочуп ыйлап жиберет. Жаңы оюнчук алып бергенде да көнгөнчө коркуп ыйлайт. Кеч кирген маалда жанынан жылдырбай, мага жармаша берет. Коркоктугун кантип калтырсак болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.06.2019, 11:56

Карлыгаш Акимкулова

“Psihoanaliz.kg психотерапия борборунун адиси, психотерапевт

Баланын нерв системасы абдан сезимтал. Бардык наристелер катуу чыккан үндөрдөн, кыйкырыктан, орой кыймылдан чочуйт. Бирок 9 айына чейин акырындык менен кала байштайт.

Адатта бала чочуганда, энеси сооротот. Бала энесинин жанында өзүн коопсуз жана комфорттуу сезет. Кичинекей балдардын психикалык абалы энесиникин түздөн-түз чагылдырып турат. Эгер апасы жайдары, сабырдуу болсо, бала да тынч болуп чоңоет. Ал эми ашыкча кам көрүп, ар нерсеге тынчы кетип, өзү чоочуп, коркуп турса бала да ошондой болот.

Балким кептин баары сиздедир? Баланы кантип сооротосуз? Кайсы сөздөрдү айтасыз? Өзүңүз эмнелерден коркосуз?

Ошондой эле, 9 айлык бала адамдарды таанып, бөтөн кишиден чоочуркай баштайт. Башка бирөө колго алса, каршылык көрсөтүп ыйлайт. Апасына кайра баргысы келет. Бул мезгил бат эле өтүп кетет. Болгону чыдамкайлык керек.

Балаңыз менен көбүрөөк сүйлөшүңүз. Эмне кылып жатканыңызды, же кайда бара турганыңызды, үйгө ким келгенин айтып бериңиз. “Ой, коркок, ыйлаак!” – дегендин ордуна, “баатырым”, “эр жүрөгүм”, “акылдуум” – деп айтыңыз. Бала баарын түшүнөт.

Бул боюнча кененирээк маалымат алгыңыз келсе балдар психологуна консультацияга кайрылыңыз.

Psihoanaliz.kg борбору Bilesinbi.kg’нин окурмандарына 20% арзандатуу берет. Психологго кайрылгыңыз келсе 0702 32 22 22 телефону аркылуу консультацияга жазылсаңыз болот.   

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт