7 айлык кезинде укол сайдырып эрте эле төрөп алсам болобу? Гинекологдун жообу
Азыркы учурда 7 айлык боюмда бар. Бир аз кыйналып жатам. Белим ооруп, басытрбай, буттарым шишип кетти. Сурайын дегеним, 7 айлык кезинде эле укол сайдырып төрөп алсам болобу? Антпесем кыйналып чыдабай калдым.
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык, урматтуу айым. Сиздин кыйналып жатканыңызды түшүнүп турам, бирок 7 ай төрөт үчүн өтө эрте. Жети айлык болуп төрөлгөн наристелердин арасында жашап кеткендерди саны көп эмес.
Ооба айрым учурларда, мөөнөтүнөн эрте төрөтүүнү туура көргөн медициналык көрсөтмөлөр болот. Бирок андай чечим эненин же баланын өмүрүнө коркунуч келип турган учурда гана кабыл алынат.
Учетто турган гинекологуңузга кайрылып, абалыңызды жеңилдетүү үчүн кандай чара көрсө болот деп кеңеш сурап көрүңүз. Бирок доктурлар сыйкырчы эмес. Кээде жөн гана убакытты күтүү зарыл.
Аман-эсен көз жарып, ден соолугу бек наристелүү болушуңузду тилейм!