Баланын өнүгүү этаптары 1-6 ай. Бул тууралуу ар бир ата-эне билиш керек
2019.06.26, 15:39
5013
А сиз баланын тамак ашындагы пайдалуу заттардын 75% мээсинин өрчүшүнө жумшала турганын билчү белеңиз? Же баланын мээсинин 80% 3 жашка чейин калыптанарын билчү белеңиз?
Баланы кучактап, өпкүлөп, ойнотуп жана тамакты жетишээрлик деңгээлде берүү менен анын баш мээсинин толук кандуу калыптануусуна жардам бересиз.
Бул жерде балаңыздын турмуш жолунун мыкты башталышын камсыздай турган кеңештер берилет:
1 айдан 6-айга чейинки балага кам көрүү
А сиз билчү белеңиз? Бир айдан 3 айга чейинки наристелер 20-30 см аралыктагы буюмдарды гана көрө алышат. Үч айдан кийин көрүү диапазону кыйла кеңейет.
- Кичинекей наристеге сизди угуп, көрүп, кармап көрүүсүнө жана эркин кыймылда болуусуна ылайыктуу шарт түзүп бериңиз. Акырындык менен балада сизге болгон ишеним күч ала баштайт.
- Баланы колуңузга алып, кучактап, боорунузга кысыңыз. Далынан акырын сылаңыз. Колго алганда бала тынчтанат. Сиздин жылуулугуңузду, тааныш жытыңызды сезген баланын маанайы жайдары боло түшөт.
- Түстүу буюмдарды жай ары- бери жылдырыңыз. Көздөрү менен ээрчип караганды үйрөнсүн. Буюмдарды карап, колу менен кармап көрсүн. Шылдырактын үнүн уккан бала аны кызыгуу менен карайт (добушу катуу эмес шылдырактарды тандаңыз).
- Балаңызды карап жылмайып күлүңүз. Бир аз убакыттан кийин сиздин жылмаюңузга жооп кайтарып, кошо күлгөнду үйрөнөт.
- Балаңыз менен жумшак сүйлөшүп, ал чыгарган добуштарды туураңыз. Жүзүңүздү кызыгуу менен карап, сизди тууроого аракет кылып баштаганын байкайсыз.
- Балага тааныш буюмдардын, жаныбарлардын, адамдардын сүрөттөрүн кесип алып көрсөтүңүз. Колуңуздан келсе, түстүү, ар кандай көлөмдо жасаңыз. Сүрөттөрдөгу буюмдарга, адамдарга байланыштуу окуяларды айтып бериңиз. Сиздин сөзүңүздү угуп жатканын байкаңыз.
- Баланы ойнотуңуз. Ичине жаткырып алып акырын массаж жасап бериңиз. “Азыр сени кармайм, кармайм” – деп кичине кытыгылаңыз. Бир нече жолу кайталагандан кийин, бала кийинкисин күтуп, кубанып, кыткылыктап күлөт.
Маалымат unicef.org сайтынан алынды.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.