Тест салсам эки сызык чыкты, бирок этек кирим келип атат. Гинекологдун жообу
2019.06.26, 14:47
2849
Мен тест салып текшерсем эки сызык чыкты. Бирок этек кирим келип атат. Мындай болушу мүмкүнбү?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.06.2019, 14:47
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Менин да сизге суроом пайда болду. Этек кириңиз келип жатса, эмнеге тест алып текшерип жатасыз?
Логикалык жактан алганда, демек сизди ойлондурган же кабатырланткан бир нерсе бар. Жөн эле тест алып текшерген жоксуз да туурабы?
Гинекологго көрүнүп, кичи жамбаш чараны (малый таз) УЗИге тарттыруу керек, андан тышкары ХГЧ анализин тапшырыңыз.
Ошондой эле жатындан тышкары бойго бүтүп (внематочная беременность) калуу коркунучун да эске алуу керек.
0
Пайдалуу жооп