Сүтүм мурдагыдай болбой жатат, эмне кылышым керек? Эксперт жооп берет
Менин балама эки ай болду. Жакында эле катуу ооруп, реанимацияга түшүп калды эле. Ошондо коркуп, кыжалат болуп болгонумда сүтүм тартылып, жакыш чыкпай калды. Азыр буюрса бардыгы жакшы. Бирок сүтүм мурдагыдай толуп келбей жатат. Мурун коюу, көп болчу. Кантип калыбына келтирем?
Севара Самакова
Эмизүү боюнча консультант
Урматтуу айым, сарсанаа болбоңуз. Албетте калыбына келтирсе болот! Ал үчүн балаңызды тез-тез колуңузга алып туруңуз, бат-баттан эмизиңиз. Бирок күчкө салбаңыз. Кургак сүттү да азыраак, бирок бат-баттан берип туруңуз.
Эртең мененки саат 7.00ден кечки 23.00ге чейин кургак сүт берсеңиз болот. Ортодон эмизип дагы туруңуз. Ал эми түнкүсүн эмчек гана эмизгениңиз жакшы. Себеби түнкү саат 3.00төн эртең мененки 8.00ге чейин эненин сүтүн иштеп чыгаруучу пролактиндин деңгээли көтөрүлөт. Ушул убакыт аралыгында эмизгенге аракет кылыңыз.
Ошондой эле кургак сүттү бөтөлкөсү менен эмес, кашыктап же шприц менен берип көрүңүз. Аны менен ичкенге караганда эмчек эмгек ыңгайлуу болуп, көбүрөөк эмиши мүмкүн.
Дагы суроолоруңуз бар болсо 0551 70 35 55 номерине чалыңыз.
Балаңыз ден соолукта болсун!