Полип деген эмне жана эмне үчүн пайда болот? Гинеколог жооп берет
Турмушка чыкканыма 7 ай болду. УЗИге түшсөм, полип бар экен, дарыларды жазып берди. Андан тышкары полипти тазалатышым керек деди. Бул эмне, эмнеден улам пайда болот?
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Полип эндометрия – бул жатындын чел кабыгынын өсүп кетиши, көбөйүп кетүүчү мүнөзгө ээ. Полиптер бирден же болбосо көп болот. Алардын пайда болуусунун себеби – гормоналдык өзгөрүүлөр (плацентардык полиптер эмес, алар бойдон түшкөндө, аборттон же төрөттөн кийин пайда болот, башкача айтканда, плацентардык ткандын калдыктары).
Клиникалык жактан полиптин эч кандай белгилери болбойт. Көбүн эсе этек кири узак жана көп келип, же болбосо циклдин ортосунда кан кетиши мүмкүн. Бойго бүтпөгөндүн да бирден-бир себеби болуп полип эсептелинет.
Дарылоонун бир гана жолу бар – бул тазалоо (жатынды диагностикалык кырып тазалоо) жана менструалдык цикл менен гормоналдык фонду коррекциялоо.
Ден соолукта болуңуз!