Түркиядагы жумуштан баш тартсам, иштеген күнүмдүн акысын төлөп береби?
Азыркы учурда Түркияда отелде иштейбиз. Бирок ишибиз келишимдегидей болбой жатат. Жумуштан баш тартсак иштеген күндөрүбүздүн акчасын төлөп береби? Эгер бербесе кайсыл жака кайрылабыз?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, эгерде жумуш орду, шарттары жакпай жаткан болсо, сизди жөнөткөн агенттикке кайрылып, келишим боюнча башка жумуш таап берүүсүн талап кылууга толук укугуңуз бар.
Эгерде агенттик келишимдин шарттарын сактабаса, анда агенттиктин үстүнөн арыздансаңыз болот.
Арызыңызды https://mfa.gov.kg/ru ушул сайт аркылуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине же болбосо http://ssm.gov.kg. сайты аркылуу Кыргыз Республикасынын Миграция кызматына кайрылсаңыз болот
Ал эми акчаны кайтарып алуу маселеси боюнча, жумушка орноткон агенттик менен түзгөн келишим менен таанышып чыккандан кийин гана, кененирээк кеңеш берүүгө болот.