Кайын журтумдун үйүндө өзүмдү эркин сезе албайм. Психологдон кеңеш
Турмушка чыкканыма 4 жыл болду. Кыйын ата, кыйын энем менен бир турабыз. Эки балам бар. Бирок өзүмдү бул үйдө эркин сезе албайм. Үй жумуштарын жасап бүтсөм деле, бош отурбаш керек деп жумуш издеп жүрө берем. Жада калса балдарымды ойноткондон да тартынам, тынч отуруп эмизе албайм.
Виктория Исакова
Психолог
Сиз бардыгы өз ордунда, жана идеалдуу болууну каалайсыз. Ошондой эле башкалардын көзүн карап, адамдарга жаккыңыз келет. Мунун бардыгы албетте жакшы көрүнүш. Бирок сиз үчүн эмес.
Акыры жакындарыңыз, барына көнөт, жана сиз жасаган иштин баалуулугу жоголот. Мурункудан да көбүрөөк аракет кылып, адамдарга жагынууну каалап, өзүңүздү такыр унутуп коесуз.
Андан кийин башка этап башталат. Сиз жакындарыңызга таарынып, эмне үчүн алар рахматын айтышпайт, эмне үчүн сиз жасагандарды баалашпайт, дегеле, эмне үчүн сизди байкабайт жана сиздин пикириңизди сурабайт, - деген суроолор ичиңезден жейт.
Жашоодо ар бир адамда бир нече ролу болот: кыз, жубай, эне, келин, курбу ж.б. Бирок, сиздин башкы ролуңуз – бул Сиз, өзүңүз.
“Жасашым керек” дегенден сырткары, “жасагым келет” же “мага жагат” дегендер да жашооңузда орун алсын. Өзүңүздүн кызыкчылыктарыңызды жана каалоолоруңузду коргой билиңиз. Алар ар дайым эле башкалардын ой-пикири менен дал келише бербейт. Мейли, эч нерсе болбойт! Сиздин да эс алууга жана жашоодон рахат алууга толук укугуңуз бар.
Бактылуу болуңуз!