Паспорту жок окуу жайга өтсө болобу? Эксперт жооп берет
2019.06.21, 11:44
1129
Балам 19да. Үйүбүз жоктугуна байланыштуу паспорту жок. Окууга паспорту жок тапшыра алабы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.06.2019, 11:46
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Саламатсызбы урматтуу окурман. Тилекке каршы паспорту жок бир да иш бүтпөйт. Ошондуктан биринчи документти колго алышыңыз зарыл.
Үйүңүз жок болсо, азыр жашап турган жериңиздин айыл өкмөтүнө барып арыз жазыңыз. Мыйзам боюнча алар сизди жашаган дарегиңиз боюнча катташат. Ал кагаз менен паспорт столуна барып паспорт аласыз.
19 жашка чейин албай жүргөнүңүз үчүн атайын комиссия түзүлөт. Бир топ документтерди топтошуңуз керек.
Документтердин тизмегин мамкаттоонун расмий сайтынан, же 119 номерине чалып билип алсаңыз болот.
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп