Глицерин менен витамин Е ни бетке сүйкөсө болобу?
Саламатсызбы! Косметологго суроом бар эле. Глицерин менен витамин Е ни бетке сүйкөсө болобу? Рахмат!
Надира Бейшеева
Косметолог
Саламатчылык! Глицерин менен витамин Е көп косметикалык каражаттарга кошулат. Глицериндин эң жакшы сапаты нымдуулукту жакшы сактайт жана тартат.
Колдонууда суу ичүү режимин сактап, абасы кургак бөлмөдө колдонбош керек. Себеби терини кескин кургатып жиберет (нымдуулукту глицерин бир жерден алыш керек).
Витамин Е - антиоксидант, теринин эрте картайышы менен күрөшөт. Эстроген гормонунун иштөөсүнө стимуляция берет. Шишиктен, пигменттик тактардан, майда тырыктардан (рубец) арылтат.
Витамин Е нин бир суткалык дозасы 15 мг.
Глицеринге менен витамин Е ни бирдей өлчөмдо аралыштырып алып, кечинде таза жуулган териге сүйкөсө болот. Бирок бул бардыгына жарай бербейт. 1-2 жума сүйкөп көрүп, териге жакпаса дароо токтотуп салыңыз.