// //

ЖРТдан жогору балл алуунун сыры эмнеде?

2019.06.20, 17:11
2930

“Сапат” билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрү жыл сайын ЖРТдан мыкты көрсөткүчтөргө жетишет. Быйылкы жылы алтын сертификат алган 52 окуучунун ичинен 18и аталган лицейдин бүтүрүүчүлөрү.

Бул окуу жайда окуган окуучулар ЖРТга кантип даярданышат, эмнеге басым жасашат жана алардын ийгилигинин сыры эмнеде?

Bilesinbi.kg “Сапат” билим берүү мекемесинин генералдык директорунун орун басары Амир Султанмуратовго ЖРТ боюнча бир нече суроолору менен кайрылды.

Сиздин окуучулар жакшы натыйжаларды көрсөтөт. Аларды кантип даярдайсыңар?

Биздин окуу жайда ОРТ маселесине өзгөчө көңүл бөлүнөт. 9-класстан тартып ЖРТ курсатры түзүлөт. 11-класска келгенде балдардын 60-70% даяр болуп калышат. Ар бир окуучуга өзгөчө мамиле жасалат. Жетишпеген сабактарынан жардам берип кошумча сабак өтөбүз. Үмүтүбүз чоң болгон окуучуларга да көңүл бөлүп, аларды да даярдайбыз.  11-класска келгенде 1-сентябрдан тартып окуу жылдын аягына чейин, жумасына 6 саат убакыттан бөлүп, интенсивдүү даыярдык көрүшөт.

Даярдык көрүүдө эмнелерге өзгөчө көнүл бөлүнөт?

Ар бир окуучунун жетишпеген сабактары аныкталып, ошого басым жасалат. Мисалы тилден кыйналган балдарга көбүрөөк тил үйрөтөбүз, математикадан жетишпей атса, ошол сабагына белиглүу бир денгээлге көтөрүүгө аракет кылабыз. Ай сайын текшерүүчү тест өтөт. Ар бир тесттин жыйынтыгын анализдеп, кайсы жака басым жасаш керек экенин карап чыгабыз. Кайрадан план түзүп, кийинки тестке чейин иштейбиз. Ошону менен катар окуучуларыбызды сырткы аудиттен, тестирлөө борборунан же тил борборлорунан атайын ЖРТ үчүн жүргүзгөн тесттеринен да сынап көрөбүз. Бир жылдын ичинде ар бир окуучу 12-13 “пробный” тесттен өтөт. Ошончо көп суроо менен иштегени оң таасирин берип келет.

Окуучуларыңыздын ЖРТдагы ийгиликтеринин сыры эмнеде?

ЖРТга өзгөчө көңүл бөлөбүз. Мугалимдер жамааты абдан күчтүү. Мугалимдер жетиштирүүчү, квалификациясын жогорулатуучу тесттен өтүп турушат. Ошону менен катар жатак мектеп болуп, жатып окугандыктан балдарга мугалимдер, өзгөчө көңүл буруп, күнү-түнү алардын жанында болушат. Биз аларга эң жакшы шарттарды түзүп беребиз.

Башка окуучуларга кандай кеңеш берет элеңиз?

ЖРТга даярдыкты эртерээк баштоо керек. 1-2 айда даярданып коюу жетиштүу эмес. Бул көп убакытты жана мээнетти талап кылат. ЖРТнин маңызы Американын FAC деген сынагына окшош. Окуу үзгүлтүксүз, уланымдуу, болуш керек. Түпкү стратегиясын жакшы түшүнүү зарыл. ЖРТнин программасы, ички түзүлүшү окуу программаларына толук дал келет деп айта албайбыз. Ишеничтүү, күчтүү мугалимдин колдоосу, жардамы менен адярдык көрүү керек.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт