Сурма жасатайын дегем, кайсынысы жакшы? Пластикалык хирург жооп берет
Саламатсыңарбы, мен сурма жасатайын дегем. Кайсынысы жакшы, блеферопластикабы же башкасыбы?
Мария Жидкова
“Medcenter.kg” медицина клиникасынын адиси, пластикалык хирург
Саламатчылык. Блеферопластика бул операция аркылуу сурма жасатуу. Андан тышкары аз инвазиялуу ыкма бар, хирургиялык жиптердин жардамы менен жасалат. Ошондой эле аппараттык RFлифтинг жана флексор терапия дегендер бар.
Бирок операция жолу менен жасалганы эң эффективдүү жана күткөн натыйжаны берет деп эсептелинет.
Блеферопластика үстүңкү сурма чоюлуп кеткенде, жаш куракка байланыштуу кирпикке салаңдап түшүп калганда жана өзүнүн сурмасына канааттанбаган учурда жасалат.
“Medcenter.kg” клиникасында блеферопластиканын баасы 20 700 сом.