Балдарымды атасынын атына кантип которсом болот? Эксперт жооп берет
2019.06.19, 14:32
1225
Бизде нике күбөлүгүбүз жок болгондуктан балдарым менин атыма катталып калган. Нике күбөлүктү кантип алсам болот жана балдарды кантип атасынын атына котором?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.06.2019, 14:32
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Сиз алгач жолдошуңуз менен ЗАГСка барып арыз жазасыз. Салтанаты жок эле алам десеңиз, нике күбөлүгүнө болгону 100 сом төлөнөт.
Ал эми балдарыңыздыкы бир аз кыйыныраак, себеби сиздин атыңызга катталып калган экен. Эми документтерди топтоп, фамилиясын өзгөртүшүңүз керек. Арыз жазганда себеби деген жерге атасынын фамилиясына өткөрүү деп жазасыз. Кененирээк маалымат алуу үчүн 119 номерине чалыңыз. Бардык суроолоруңузга жооп беребиз.
Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп