Үч жарым айлык балага кошумча тамак берсе болобу?
2019.06.19, 12:39
10494
Үч жарым айлык баланын салмагы канча килограмм болушу керек. Ошондой эле кандай кылыктары чыгып калат? Кошмуча тамак катары мөмө жемиштерди эзип берсе болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.06.2019, 12:46
Анара Базаркулова
Педиатр
Үч айлык кыз бала 5.8-8.5 кг, уул бала 6.4-9.0 кг чейин болушу керек. Кошумча тамакты алты ай өткөндөн кийин бере баштаңыз. Азыр эмчек менен гана багыңыз.
Үч-алты айлык бала:
- кыймылдаган оюнчукту кармоого аракет жасайт;
- көмкөрөсүнөн жаткырганда колдоруна таянып башын кармап калат;
- үндөрдү угат;
- добуш чыккан тарапка башын бурат;
- атын атаса үн чыгарат, жылмаят;
- оюнчукту бир колунан экинчи колуна ала алат;
- тоголонгонго аракет жасайт;
Балыңыздын өмүрү узун болсун!
0
Пайдалуу жооп