Акча которуулар: артыкчылыктары жана кемчиликтери
Бүгүнкү күндө акча каражаттарын которуунун ондогон жолдору бар жана ар бири өзүнчө бир өзгөчөлүктөргө ээ.
«Компаньон Банкы» ЖАК акча которуунун негизги ыкмаларынын артыкчылыктарын жана кемчиликтерин айтып берди.
Банктардын электрондук төлөм системасы аркылуу акча жөнөтүү
Артыкчылыктары:
- котормо эсеп ачуусуз эле жүзөгө ашырылат;
- которууну жеткирип берүү ылдамдыгы жогору;
- акча которуу үчүн паспорт болсо жетиштүү.
Кемчиликтери:
- акча которууну каттоо үчүн кардар өзү банкка барышы керек.
Мобилдик банкинг аркылуу акча жөнөтүү
Артыкчылыктары:
- ылдамдыгы;
- банкка баруунун зарылчылыгы жок, колдо мобилдик телефон болсо
жетиштүү;
- каалаган учурда акча которсо болот.
Кемчиликтери:
- мобилдик банкингди колдонуу үчүн, банкта эсеп болушу керек;
- телефонго атайын тиркемени жүктөө зарыл.