Балдарым мени менен эсептешип турушат. Туура эмес тарбия бердимби?
Саламатсызбы. Психологдон сурайын дедим элем. Үйдөн отуруп тикмечи болуп иштейм. 15 жаштагы уулум үтүктөп, 12 жаштагы кызым “упаковка” кылып жардам беришет. Мынча сомго иштедиңер деп кызыктырып турам. Ансыз иштегилери келбейт. Кадимкидей эсептешип турушат. Туура эмес тарбия берип атамбы деп кабатырланам.
Эльвира Чокоева
Психолог
Саламатчылык. Балдарыңызды эмитеден эмгекке үйрөтүп, акчанын кайдан келип жаткандыгы жөнүндө түшүнүк бергениңиз жакшы. Алар кенедейинен акчанын баркын билишет. Сиз муну балдарды кызыктыруу үчүн жасап жатасыз. Балдарыңыздын мээсинде – мен бардык нерсени акчага жасайм, бекер кыймылдабайм – деген ой калыптанып калган. Балким сиздин үй-бүлөңүздө чоңдордун ортосундагы мамиле да ошондой? Байкап көрүңүз.
Ошондой эле балдарыңыз менен көбүрөөк сүйлөшүп, сырдашып, жеке жашоосу жөнүндо кабардар болуңуз. Алдыга максаттарды коюп, жетишкендиктери үчүн мактаңыз. Алар менен сыймыктанып, аябай жакшы көрөрүңүздү (жөн эле, турган турпаты үчүн жакшы көрөрүңүздү) улам айтып туруңуз.
Эне менен баланын ортосундагы тактилдүү контакт, башкача айтканда, кучакташуу, кол кармашуу, бетинен өбүү да абдан маанилүү. Бул кеңештерди колдонуп көрүңүз, балдарыныздын өзгөргөнүн дароо байкайсыз!
Сизге ийгилик каалайм!