// //

Кулактын үстүңкү жагын тештирсем, укпай каламынбы? ЛОР жооп берет

2019.06.13, 16:12
1537

Кулактын кемирчегин тештирсем эч кандай зыяны жокпу? Элдерден угуп атам, тамырларына тийсе, акырындык менен кулагы укпай, көзү көрбөй калышы мүмкүн дегенди. Бул сөздөр чынбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.06.2019, 16:14

Адилет Джунушалиев

“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, ЛОР

Урматтуу окурман, кулагыңыздын кемирчегин тештиргенден кийин, тагынган сөйкөңүздүн металлы жакпай же инфекция кирип, тешилген жери ириңдей турган болсо, кулагыңыздын калканы спортсмен балдардыкына окшоп деформацияланып калат.  

Ал эми бардыгы гигиенаны сактоо менен адискөй адам тараптан жасала турган болсо, эч кандай каршы көрсөтмөлөрү жок. Кулактын угуусуна жана көздүн көрүүсүнө зыяны тийбейт. Жасатаардын алдында жакшылап ойлонуп көрүңүз.

Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт