Дагы бирди төрөп алсам, каным алмашып жакшы болот эле. Гинеколог жооп берет
2019.06.13, 11:15
1242
Мен 38 жаштамын. Этек кирим беш-алты айда бир келет. Ошого байланыштуу желкем тырышып, көңүлүм айнып жаман болом. Эми бирди төрөп алсам, кан алмашып жакшы болуп калар элем. Кеңеш бериңизчи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.06.2019, 11:16
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Сизде менопауза, башкача айтканда климакс башталып калышы мүмкүн. Климакстын белгилери төмөндөгүдөй:
- менструалдык циклдин бузулат;
- өтө эле терчил ошол эле учурда үшүкчөл болуп калат;
- бети бир туруп ысып, кызарат;
- маанайы тез-тез өзгөрүп, көңүлү айныйт;
- жүрөктүн согушу тездейт;
- кош бойлуу кездегидей уйку басат ж.б.
Бирок сизди жана анализдердин жыйынтыктарын көрбөй туруп, кандайдыр бир диагноз коюу болбойт. Гинеколог жана эндокринологдон толугу менен текшерүүдөн өтүшүңүз керек.
Ал эми бул жаш куракта төрөө боюнча айта турган болсом, бул эненин ден соолугу жана өмүрү үчүн да, бала үчүн да өтө чоң тобокелдик.
0
Пайдалуу жооп