Сатып алган жерибизди бербей жатат. Юрист жооп берет
2019.06.13, 09:14
939
Саламатсызбы! Биз бир адамдан участок сатып алганбыз. Тил кат жазып берген. Жылдар өтсө да, бизге өткөзүп бербей жатат. Күбөлөр бар. Эмне кылсак болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.06.2019, 09:18
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, эгер участок саткан адам акчаңызды алып, бирок жерди өткөзүп бербей жатса, милицияга арыз менен кайрылыңыз.
Жагдай чынында эле сиз айткандай болсо, анда бул жерде алдамчылык, башкача айтканда, алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен олуттуу өлчөмдөгү бөтөн мүлктү ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуунун белгилери байкалууда.
Маселеңизди милиция чечип бербесе, соттук тартипте берген акчаңызды кайтарып алсаңыз же сатып алуу келишими болгондугу фактысын тастыктасаңыз болот.
0
Пайдалуу жооп