// //

«Жайлуу конуш» энергоэффективдүү насыясы тууралуу адис айтып берет

2019.06.12, 16:14
869

«Компаньон Банкы» ЖАК  Регионалдык жетекчилик секторунун регионалдык менеджери Марс Турсунбек уулу менен KyrSEFF программасынын чегинде грант алып,  турак-жайды жылуулоого мүмкүн болгон «Жайлуу конуш» энергоэффективдүү насыясы тууралуу сүйлөштүк.

«Жайлуу конуш» - KyrSEFF керектөө насыясы деген эмне?

Бул продукт, өзүнүн үйүнүн же батиринин энергоэффективдүүлүгүн жакшыртуу максатындагы жумуштарды ишке ашырууну каалагандар үчүн иштелип чыккан.

Кредит кандай максаттарда берилет?

  • Энергоэффективдүү терезелерди сатып алуу, лоджияларга жана балкондорго айнек салуу;
  • Тышкы дубалдарды, чатырды жана полдорду жылуулоо;
  • Жылуулоо системаларын, кондиционерлерди, күн системаларын, жылуу полдорду орнотуу жана алмаштыруу;
  • Суу үнөмдөөчү технологияларды орнотуу, күн батареяларын сатып алуу;
  • Үйдүн/батирдин энергоэффективдүүлүгүн жогорулатуучу жана суу үнөмдөөчү башка иштер;
  • KyrSEFF программасынын максаттарына ылайык башка максаттар.

KyrSEFF насыясын алуу үчүн кандай шарттарды аткаруу керек?

Пландаштырылган иштердин сметасын түзүп, «Компаньон Банкы» ЖАК кеңселерине кайрылып, KyrSEFF’тен алдын-ала колдоо алуу зарыл.

Насыяны кайтырып берүүдө эмнелер тууралуу билүү керек?

Насыяны алгандан кийин, 4 айдан кеч эмес, энергия үнөмдөөчү иш-чараларды аягына чыгарып, грантка арыз жазып, керектүү документтерди көрсөтүү абзел.

KyrSEFF насыясынын кандай артыкчылыктары бар?

Пайыздык чени азайтылган жана турак-жайды жылуулоого 20%га чейин акысыз грант алса болот!

Толук маалыматты алуу үчүн «Компаньон Банкы» ЖАК бөлүмдөрүндө жана байланыш-борборунун номерлери боюнча кайрылыңыз: (312) 33-88-00, 88 00 (мобилдик чалуулар үчүн).

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт