Эмчегиме сүт катып калды. Эмне кылыш керек? Маммолог жооп берет
2019.06.12, 15:11
10145
Эмчегиме сүт катып калды. Кызыма төрт ай болду. Эмбей жатат, кантип кетирем?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.06.2019, 15:12
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Эмчектеги сүттүн туруп калышы - лактостаз деп аталат. Ошол тарабыңызды эки эсе көбүрөөк эмизгенге аракет кылыңыз. Ошондой эле сүт толуп кеткенде бала эмип жетишпей атса, улам саап туруңуз. Сүтту саамай процесси өтө жагымсыз, оорутат, бирок эффективдүү. Дене табыңыз көтөрүлүп, алыңыз кетсе дароо маммологго көрүнүңүз. Көкүрөгүңүздү жылуу кармаңыз, суукка урунуп калсаңыз, сүт туруп калса мастит оорусуна чалдыгасыз. Кийин операция жасатууга туура келет.
Ден соолукта болуңуз!
0
Пайдалуу жооп