Тоник менен тонердин айырмасы эмнеде? Косметолог жооп берет
Саламатсызбы. Тоник менен тонердин айырмасы эмнеде айтып бересизби? Алдын ала рахмат!
Асель Алымбаева
Косметолог
Тоник менен тонер бири-биринен кескин айырмаланат.
Биринчиден, тоник европа системасындагы косметикага таандык (Европада көпчүлүгү тонер менен колдонушпайт!), ал эми тонер азия системасына тиешелүү.
Экинчиден, тоник жуунучу гель жана көбүктөн (пенка) кийинки беттин терисин тазалоочу кошумча каражат болуп саналат. Тоник декоративдүү косметиканын калдыктарын тазалап, терини сергитет. Ал эми тонер терини тез арада нымдоочу (увлажняющий) каражат, ал эч нерсени тазалабайт.
Үчүнчүдөн, бул эки каражат курамы жана консистенциясы менен бири-биринен айрымаланып турат. Тоник суудай суюк, курамында эмульгациялоочу, тазалоочу элементтер бар. Тонер коюраак, курамына нымдоочу веществолор кирет.