// //

Варикоцеле операциясы ракка алып келет деген чынбы? Урологдун жообу

2019.06.11, 12:43
2422

Саламатсызбы. Жашым 26да. Үйлөнө элекмин. Табарсыгымда варикоцеле бар экен. Айрымдар операция кыл анан үйлөн десе башакалары операция ракка алып келет экен деп жатышат. Операция жасатыш керекпи же дары менен эле айыктырса болобу? Эмне кылыш керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.06.2019, 12:45

Азат Бейшенов

“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, уролог

Саламатчылык. Варикоцеле табарсыктын оорусу эмес. Бул калтанын ичиндеги жумурткалардын кан тамырларынын кеңейип кетиши. Варикоцелени операциядан башка дарылоо жолдору жок. Дары-дармек менен дарылоо мүмкүн эмес.

Операция эмес варикоцеле оорунун өзү III даражага жетсе ракка алып келет. Аны алдын алуу максатында опреация жасатуу керек.

Азыркы тапта Иванисевич жана Мармара деп аталган операциянын эки түрү жасалат. Мармара ыкмасы менен жасалган операциянын кесепети минималдуу. Кененирээк маалымат алуу үчүн биздин медицина борборуна келип, консультация алып кетиңиз.

Ден соолукта болунуз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт