Паспорт алмаштыралы десек, данныйдан башка бирөөнүн сүрөтү чыгып жатат
2019.06.11, 10:53
1001
Менин атам Өзбекстанда төрөлүп, метрикасын ошол жактан алган. Кийин Кыргызстанга келип, паспорт алып, бул жактын жараны болгон. Учурда паспортунун мөөнөтү аяктап, алмаштыралы деп паспорт столго барсак, данныйдан башка бирөөнүн сүрөтү чыгып жатат. Оңдосо болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.06.2019, 10:53
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-катчысы
Саламатсызбы урматтуу окурман. Албетте оңдосо болот. Атаңыз паспорт столуна барып, биометриканы кайрадан тапшырсын. Жанына эски паспортун алып алсын. Мыйзам чегинде 12 күндүн ичинде жаңы паспорт жасап колуңузга тапшырышат. Мамлекетке 229 сом салык төлөнөт.
0
Пайдалуу жооп