Төшүмдө киста бар экен, операциясыз дарыласам болобу? Маммолог жооп берет
Саламатсызбы. Менин төшүмдө киста бар экен. Операциясыз дарыласа болобу?
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Киста бул суюктук толуп калган көңдөйчө, залалсыз шишик. Негизинен:
- гормоналдык өзгөрүүлдөрдөн;
- катуу стресстен;
- төштүн түрдүү травмаларынан;
- туура эмес тамактануудан;
- эндокриндик патологиялардан улам пайда болушу мүмкүн.
Көбүн эсе операциясыз дарыланат. Эгер кистага коюу ириң толуп кетсе, анда операция жасалат.
Алгач кистанын пайда болуу себебин, санын жана көлөмүн аныктоо зарыл. Ошого жараша дарылоо ыкмасы да айырмаланат. Эгер диаметри 2 мм болсо дарылоо методу консервативдүү болот.
Чоңоюп кеткенде кистаны склерозирдөө (склерозирование) процедурасы жасалат. Башкача айтканда УЗИнин көзөмөлү менен көңдөйчөлөр тазаланат. Кайрадан ириң толуп кетпесин деп озон же кычкылтек киргизилет. Бул процедураны биздин медицина борборунда да жасайбыз.
Ден соолукта болуңуз!