// //

Жөлөкпул берип жатканда 40 сомдон кармалабы? Адис жооп берет

2019.06.10, 11:48
1011

Саламатсызбы! Жөлөкпул алган ата-энелердин акчасынан, айылдагы жөлөкпул берүүчү жерден 40 сомдон кармап калышат. Ошол туурабы? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.06.2019, 12:29

Айкөл Турганбаева

КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери

Саламатсызбы! Жөлөкпулга керектүү документтерди толук тапшыргандан кийин, жөлөкпул кийинки айдын биринен баштап чектелет.

Жөлөкпул почта же банк аркылуу барат. Банк аркылуу которулган жөлөкпулду – банкоматтан же паспорт менен банкка барып алса болот.

Жөлөкпулду берип жатканда, эч кандай акча кармалбайт. Банктын жана почтанын кошумча кызматтары үчүн мамлекеттик бюджеттен акча каралган. Жөлөкпул толук бойдон жарандын колуна тийиши керек.

Эгер почта аркылуу барган жөлөкпулдан, ал жерде иштеген кызматкерлер 40 сомдон кармап калып жатса, тиешелүү органдарга кайрылыңыз. Колуңузда конкреттүү факт болсун: кайсы область, район, айыл, почтанын дареги, ким деген кызматкер.

Биринчиден, социалдык маселелер боюнча атайын райондук комиссияга билдириңиз. Жыйынтык чыкпаса, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына байланышка чыгыңыз, 0312 660 107.

Далилдүү фактылар болсо, мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартылат.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт