Камера жок жерде жол кырсыгына туш болдум, кимге кайрылышым керек?
Саламатсызбы. Чоң жолдо машине айдап баратканымда, алдыман башка машине чыгып, мен андан качып жолдон чыгып кеттим. Машинем тегеренип, айнектери сынды. Алдыман чыккан машиненин шопуру уктап кеткен окшойт, бирок токтобой кетип калды. Кырсык болгон жерде камералар да жок болчу. Милицияга арыз жазсам чара көрүшөбү? Күбөлөрүм бар.
Тилек Оторов
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын пресс-катчысы
Саламатсызбы, урматтуу окурман. Эң туурасы жол кырсыгына учураганда дароо ЖКККБ кызматкерлерин чакырып, протокол түзүш керек болчу. Азыр мөөнөтү өтүп кетти. Кырсык айыпкерине суроолоруңуз болсо, кырсык болуп өткөн райондун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу башкармалыкка кайрылып, арыз жазыңыз. Кызматкерлер мыйзам чегинде иш алып барышат.
Ийгилик!