Күндө ажырашууну көрө берип үйлөнгүм келбей калды
Жашым 20да, юридикалык факультеттин 3-курсунда окуйм. Практиканы ажырашуу сотунда өткөм. Бир күндө 4-5 үй-бүлөнүн ажырашуу процесстери өтөт. Күндө көрө берип өзүмдүн үйлөнгүм келбей калды. Мен да үйлөнүп туруп, анан кайра ушинтип ажырашып кетемби деп ойлоном. Эмне кылсам болот?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” укук коргоочу коомдук фонддун адиси, адвокат
Ооба, албетте юридикалык кесип адамга өз таасирин бербей койбойт. Негизги маселе, юристтердин көпчүлүгү моралдык жактан да руханий жактан да катуу чарчап, мындайча айтканда “түгөнүп” калышат.
Менин сизге бере турган кеңешим, жумуш бүткөндөн кийин башкага алаксыганга үйрөнгүлө. Өзүңүзгө жакын кабыл албаңыз. Жумуштун көйгөйлөрүн жумушта калтырып жеке жашооңузга аралаштырбаңыз.
Кардарларыңызга эртең мененки 9дан кечки 18.00-го чейин гана иштей турганыңызды түшүндүрүңүз. Кечки жана дем алыш күндөрү телефон чалууларга жооп бербей турганыңызды айтыңыз.
Мүмкүн болсо психологго кайрылыңыз. Биздин коомдо азырынча бул жат көрүнүш, бирок психолог жан дүйнөңүздөгү тең салмактуулукту сактаганга жардам берет. Ден соолгуңузду чындаңыз.
Ийгилик каалайм сизге, кесиптеш!