// //

Жарашыктуу кийинүүнүн сырлары. Стилист Эвелина Хромченкодон 10 кеңеш

2019.06.09, 19:45
2684

Эвелина Хромченко мода жана стиль тармагындагы атактуу эксперт. Анын туура кийинүү боюнча берген кеңештери азыркы тапта актуалдуу. Кийим тандоодо төмөндөгү кеңештерди колдонсоңуз ар дайым мыкты кийинген болосуз.

  • Сапаттуу кара шым, ак көйнөк жана ачык түстөгү шарф – мыкты кийинүүнүн сыры.
  • Бул эрежени эсиңерге тутуп алыңыз! Барпыйган, көлөмдүү көйнөк – жылмакай чач жасалга, кыска көйнөк – калың колготки, жылтыраган көйнөк – жөнөкөй бижутерия. Сиздин сырткы келбетиңизде бир гана активдүу зона болсун.
  • Кийимиңиз сиз тууралуу өзүңүз айтып бергенден да көбүрөөк маалымат берет.
  • Кийимге болгон табитти машыктыруу керек. Көңүл бөлбөй коеруң менен карылык башталат.
  • Жолугушууга баратканда көкүрөк, бел жана жамбаш үчөөнүн ортосундагы айырмачылыкты баса белгилеп турган кийимди кийиңиз.
  • Өзүңүздүн дене түзүлүшүңүздөн уялбаңыз, табиятыңыздан кандай жаралсаңыз да сулуусуз. Башкысы артыкчылыктарыңызды туура көрсөтө билүү.
  • Мода бул жалтыраган жана кымбат кийим кече эмес, мода бул жарашыктуу юбка, бутту узунураак көрсөткөн шым, жана киериң менен маанайыңды көтөрүп койгон көйнөк.
  • Эгер карьера жасайм десеңиз, карьераңыз ишке ашып калгандай кийиниңиз!
  • Ар бир кийим өзүн актап, узак убакытка чейин иштеш керек!
  • Кыздары бар апалар, сөзсүз кыздарыңарды жарашыктуу кийингенди, боенгонду, таранганды үйрөткүлө. Аял заты табиятынан сулууланганды билет деген – жаңылыштык.

Күн ысыкта жарашыктуу жана ыңгайлуу кийинүүнүн 5 варианты. Бул жерден окунуз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт