Жарашыктуу кийинүүнүн сырлары. Стилист Эвелина Хромченкодон 10 кеңеш
2019.06.09, 19:45
2988
Эвелина Хромченко мода жана стиль тармагындагы атактуу эксперт. Анын туура кийинүү боюнча берген кеңештери азыркы тапта актуалдуу. Кийим тандоодо төмөндөгү кеңештерди колдонсоңуз ар дайым мыкты кийинген болосуз.
- Сапаттуу кара шым, ак көйнөк жана ачык түстөгү шарф – мыкты кийинүүнүн сыры.
- Бул эрежени эсиңерге тутуп алыңыз! Барпыйган, көлөмдүү көйнөк – жылмакай чач жасалга, кыска көйнөк – калың колготки, жылтыраган көйнөк – жөнөкөй бижутерия. Сиздин сырткы келбетиңизде бир гана активдүу зона болсун.
- Кийимиңиз сиз тууралуу өзүңүз айтып бергенден да көбүрөөк маалымат берет.
- Кийимге болгон табитти машыктыруу керек. Көңүл бөлбөй коеруң менен карылык башталат.
- Жолугушууга баратканда көкүрөк, бел жана жамбаш үчөөнүн ортосундагы айырмачылыкты баса белгилеп турган кийимди кийиңиз.
- Өзүңүздүн дене түзүлүшүңүздөн уялбаңыз, табиятыңыздан кандай жаралсаңыз да сулуусуз. Башкысы артыкчылыктарыңызды туура көрсөтө билүү.
- Мода бул жалтыраган жана кымбат кийим кече эмес, мода бул жарашыктуу юбка, бутту узунураак көрсөткөн шым, жана киериң менен маанайыңды көтөрүп койгон көйнөк.
- Эгер карьера жасайм десеңиз, карьераңыз ишке ашып калгандай кийиниңиз!
- Ар бир кийим өзүн актап, узак убакытка чейин иштеш керек!
- Кыздары бар апалар, сөзсүз кыздарыңарды жарашыктуу кийингенди, боенгонду, таранганды үйрөткүлө. Аял заты табиятынан сулууланганды билет деген – жаңылыштык.
Күн ысыкта жарашыктуу жана ыңгайлуу кийинүүнүн 5 варианты. Бул жерден окунуз.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.