// //

Зомбулукка чекит коюп, отпускага чыккан аялдын баяны

2019.06.09, 16:54
1149

Ошол күнкү аба-ырайы эсимде жок. Кийген кийимим эсимде жок. Канча саат жөө басканым эсимде жок. Эсимде калганы күйөөмдөн кеткеним. 

Ал мага кыйкырып, сөгүнүп жатты. Унчуккан жокмун. Уктап жаткан баламды көтөрдүм, кире бериште асылып турган сумкамды алдым. Ал мага кыйкырып, сөгүнүп жатты.

Зордук-зомбулукка чекит коюп, "отпускага" чыктым. 

Бүт өмүрүмдө өзүмдү ушунчалык жалгыз сезген эмесмин. Кайдасыңар, менин курбуларым. Кайдасыңар, баары жакшы кезинде жанымдан чыкпагандар. Кайдасыңар, "бир нерсе болсо мага айт" дегендер. Кайдасыңар, туугандарым. 

Бул аны менен жашаган акыркы жылдардагы коркуудан да күчтүү коркуу эле. Бир күнү таап келет деп корком. Билем, бул коркуу эч качан жоголбойт. 

Кетүү - бул качуу. Качканга чейин баары мүмкүн эместей көрүнчү.

Аны менен ажырашкым келген эмес. Баары жакшы болот деп үмүттөнгөм. Андай болбоду. Бир колумдун көгү кетсе, экинчиси көгөрдү.

Канча ирет кетип, кайра келдим. Коркконум үчүн кайтып келчүм. Бул жолкусу башкача. Түн менен коштошуп, жарыкка бет алдым. 

Биринчи жолу тынч уктадым. 

Эртеси чачымды кырктым. Тырмагымды боедум. Батирге чыктым. Жумушка кирдим. Бир да телефон чалууга, смске жооп берген жокмун. 

Болгону бир кадам таштадым. Эркиндик бар экен. Башка жашоо бар экен. Бакыт бар экен. Мага ишенип койгула.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт