// //

Бул тесттен өтсөң, өзүң жөнүндө көп нерселерди биле аласың

2019.06.09, 14:51
31060

Bilesinbi.kg сиз үчүн кызыктуу психологиялык тест даярдады. Бул тесттен өтсөңүз, өзүңүздүн ички дүйнөңүздү жакшылап тааный аласыз. 

Кагаз менен калем даярдаңыз. Суроолорду кылдаттык менен окуп, жазуу түрүндө жооп бериңиз. Мүмкүн болушунча тез жооп бергенге аракет кылыңыз. 

Акылыңызга эмне келсе, дароо ошону жазыңыз же тартыңыз. Ойлонбостон ошол замат жооп жазсаңыз, аң сезимиңиз менен байланыш кура аласыз. Кеттик анда!

Суроолор

  1. Токойдо бирөө менен баратасыз. Бул ким?
  2. Токойдо сейилдеп жүрүп, бир жаныбар көрүп калдыңыз. Ал жаныбардын кайсы түрү?
  3. Аны менен көзмө-көз жолугушканда, реакцияңыз кандай болот?
  4. Токой аралап жүрүп бир талаага келдиңиз. Ал жерде кыялыңыздагы үй турат. Көлөмүн сүрөттөп бериңиз.
  5. Анын тегерегинде тосмо барбы?
  6. Үйгө кирип, ашканасына багыт алдыңыз, стол турат. Үстүндө жана айланасында эмнелер бар? 
  7. Эшикке чыктыңыз, чөптө стакан же чөйчөк жатканын көрдүңүз. Ал кандай материалдан жасалган?
  8. Аны менен эмне кыласыз?

Бул суроолорго болгон жооп сиздин баалуулуктарыңыз менен идеалдарыңызды көрсөтөт. 

Кана эмесе жыйынтыгын билели

  1. Сиз менен чогуу бараткан адам  - бул жашооңуздагы маанилүү адам.
  2. Элесткен жаныбардын көлөмү - ички көйгөйлөрүңүздүн өлчөмү болуп саналат. Ал жаныбар канчалык чоң болсо, жашооңуз ошончолук татаал.
  3. Токойдогу күтүлбөгөн жолугушууга болгон реакцияңыз - маселелерди кантип чечериңизди көрсөтөт (агрессивдүү, пассивдүү).
  4. Кыялыңыздагы үйдүн көлөмү - амбицияңыздын өлчөмү болуп саналат. Ал аябай эле чоң болсо, анда, жашоодон болгон күтүүлөрүңүз да өтө жогору.
  5. Тосмо жок болсо, сиз ачык жана эркин адамсыз. Эгер бар болсо, анда жеке  мейкиндикти баалайсыз жана башкалардан да ошону күтөсүз.
  6. Эгер дасторкондо эч бир гүл, тамак-аш, адамдар жок болсо, анда сиз абдан бактысыз бирөөсүз.
  7. Материал канчалык бекем болсо, үй-бүлөңүз менен болгон мамилеңизди да ошончолук күчтүү жана бекем кабыл аласыз. Айнек, кагаз же бир колдонулуучу стакан болсо, кыязы, үй-бүлөңүздүн келечеги үчүн тынчсызданасыз. Металл же фарфор болсо, анда кабатыр болуунун кереги жок.
  8. Аны эмне кылганыңыз, биринчи суроодогу адамга болгон мамилеңизди көрсөтөт. 

Бул тестти кайра-кайра кайталап өтсө болот. Эмоционалдык абалыңыз кантип өзгөрүп жатканын биле аласыз. Досторуңузга сунуштаганды унутпаңыз. 

 

Кыргыз актерлорун бир көрүп тааный алам десеңиз, бул тесттен өтүңүз.

Кыргыз актрисалары боюнча тестти бул жерден таба аласыз. 

 

 
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
10.06.2019, 02:22

Durus Babaev

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
10.06.2019, 21:57

Ото сонун жооп 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт