Тестостерон ылдый түшүп кетиптир, эмне кылышым керек? Уролог жооп берет
Саламатсызбы. Анализ тапшырсам тестостерон ылдый түшүп, 11% түзөт калыптыр. Эмне үчүн мындай болду? Эмне кылыш керек?
"Medcenter.kg" медицина борборунун адиси, уролог
Эркектерди аялдардан айырмалаган бир эле гормон бар – ал тестостерон деп аталат. Тестостерон болгон үчүн мырзалар айымдарга салыштырмалуу стресске туруктуу, булчуң массасы көбүрөөк, физикалык жактан күчтүүрөөк, агрессивдүү, аз ыйлайт, сексуалдык жактан активдүү болушат. Бирок айрым себептерден улам тестостерон түшүп кетиши мүмкүн. Алар:
• алкоголь ичимдиктерин көп ичүү;
• ашыкча салмак;
• жыныстык катнаштын туруксуздугу;
• физикалык активдүүлүктүн аздыгы;
• жумурткалардын травма алышы;
• дарылык каражаттар;
• жумурткалардын ашыкча жылуу болушу (тыкыс ич кийим, шым, ар дайым телефонду чөнтөккө салып жүрүү, ж.б.)
Сиздеги тестостерондун түшүп кеткендигинин себебин аныктоо керек. Анализдериңизди алып консультацияга келиңиз.