Эмизген учурда энеси “молочница” болсо, балага да жугабы? Маммолог жооп берет

2019.06.07, 15:41
191

Саламатсызбы. Мен “молочница” болуп жатам окшойт. Белгилери кандай? Эмчектеги балама да жугушу мүмкүнбү?

Эксперттин жообу
07.06.2019, 15:43

Аида Осомбаева

“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог

Молочница – бул Candida albicans мите козу карыны козгой турган оору. Ал сүттү жана сүт иштелип чыккан органдарда пайда болот. Бул инфекция баланын оозунун көңдөйүндө же чатында, памперс тийген жерлерде жана энесинин эмчегинин үрпүндө өрчүйт. Айрым учурларда балага жукпайт, кээде жугат. Аны так айтуу мүмкүн эмес. Белгилери:

  • үрптөрдүн өңү ачык кызыл болуп калат;
  • үрптүн өзү жана тегереги катмарланып, түлөй баштайт;
  • кычышат;
  • ысып, ачышкансып оорутат.

Баланы эмизип жатканда же сууга түшкөндө ооруганы бир аз басаңдашы мүмкүн. Үрптү кадимки крем менен сүйкөгөндө бир аз жеңилдей түшөт, бирок эффект көпкө созулбайт жана көйгөйдү толугу менен чечпейт.  

Дарыгерлер энесине козу карынга каршы крем, ал эми балага атайын суспензия жазып беришет. Ошондой эле организмдеги кадимки флораны кайра калыбына келтирүү зарыл.

Молочницаны алдын алуу үчүн:

  • Эгер сүт агып турса, марлиден прокладка жасап, тез-тез алмаштырып туруу зарыл.
  • Пахтадан тигилген ич кийим колдонгула, күнүмдүк гигиенаны сактаганды унутпагыла.
  • Сүттү саап алуу үчүн атайын каражаттарды колдонсоңор, жакшылап жууп-тазалап, маал-маалы менен кайнатып тургула.

Ден соолукта болгула!

 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт